23:21
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте акыркы бир жарым ай ичинде ооруканага кене чаккан 160 киши кайрылды

Акыркы бир жарым ай ичинде ооруканага кене чаккан 160 киши кайрылды. Алардын арасында 82 бала бар. Учурда жабыркагандардын жыйырмасы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Бишкектеги инфекциялык ооруканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн суткада кабылдамага кене чаккан 5 киши кайрылды.

Дарыгерлер жаратылыш койнуна эс алганы барганда, этек, жеңи узун кийимдерди, байпак, баш кийим кийүүнү эскертишет. Ошондой эле, атайын каражаттарды колдонууну сунушташат. Эс алуу маалында денени жана кийимдерди тез-тезден карап туруу керек. Айрыкча дененин ачык жерлерине көңүл буруу зарыл.

Адистердин берген кеңешине ылайык, кулактын артын, колтук, киндик туштарды, буттардын салааларын жана башка дененин бөлүктөрүн карап чыгыш керек. Кокустан кене жармашып калган болсо, аны үй шартында чыгарууга аракет кылбай, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.

Кошумчалай кетсек, кенелер- жөргөмүш сымалдар классындагы муунак буттуу жаныбарлар тобу. Алардын 10 миңден ашык түрү бар. Бардык жерде кеңири таралган. Кенелер чириген калдыктар менен азыктанат же өсүмдүк жана жаныбарларда мителик кылат. Кээ бир түрү сүт эмүүчү жаныбарлар жана кишинин каны менен азыктанат.

Эң көп окулган жаңылыктар