Бишкекте согуш ардагерлеринин акчасын уурдап жүргөн аялды кармашты

12:00, 23 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте милиция кызматкерлери согуш ардагерлеринин жана пенсионерлердин акчасын уурдаганга шектүү аялды кармашты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине борбор калаанын ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, улгайган кишилердин акчасын уурдоо боюнча арыздар 2017-жылы эле келип түшкөн.

«Шектүүнү кармашты. Ал күнөөнү толугу менен мойнуна алып, 5 пенсионерди тоногонун айтты. Кылмышкер аял кары кишилерди алаксытып, баалуу мүлктөрүн уурдап жүргөн. Ал өзүн кайрымдуулук фонддун кызматкеримин деп тааныштырып, фонддон 3 миң сом берилет деп 5 миң сомдук купюраны көрсөтчү экен. Пенсионерлер акчаны майдалап берүү үчүн башка бөлмөгө кеткенде, аял баалуу буюмдарды алып качып кетип жүрчү », - дешет ШИИБ.

Милициялардын берген маалыматына таянсак, шектүү аял кары кишилердин жалпысынан 200 миң сомдон ашуун акчасын уурдаган.