Чукул кабар: Ысык-Көл жана Нарында үшүк, Ошто сел жүрүшү күтүлөт

10:35, 23 мая 2018, Бишкек - 24.kg

24-майда түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Министрликтин билдирүүсүндө, аталган аймактарда аба-ырайы 0...-2° градуска чейин төмөндөйт.

Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

ӨКМ нөшөрлүү жаанга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын тоолуу аймактарына жакын айылдарды селден этият болууга чакырат.

Фото