Москвада ийгиликтүү кыргызстандык ишкерлердин бизнес форуму өттү

09:35, 23 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Москва шаарында өткөн «Табарман» бизнес форуму ийгиликтүү кыргызстандык ишкерлерди топтоду.

22-майда өткөн бизнес форумда Орусияга акча тапканы келип, өз ишин ачкан ишкерлер мекендештерине чет жерде иш баштоонун жолдорун жана ийгиликке жетишүүнүн сырларын айтып беришти.

Фото

Орусиядагы белгилүү дизайнерлер Венера Ботобекова менен Каныкей Батырова, «Паритет» эл аралык компаниясынын жетекчиси Нүргүл Каимова, «Клевер» аптекаларынын башчысы Гүлжан Давлатбекова, Мирлан Ызаков жана Чыңгыз Өмүровдор сөз сүйлөштү.