Ошто таксистти өлтүрүп, денесин өрттөп кетишти

09:14, 23 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында милиция кызматкерлери таксисттин өлүмүнө шектүү делген жаранды кармашты. Бул тууралуу түштүк борбордун ИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 13-майда 30 жаштагы Ильхом Эрматов «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

«Ильхом Эрматов жүргүнчүлөрдү ташып иштечү. Анын өрттөлгөн денесин 22-майда талаадан табышкан. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал изин жашыруу максатында, кыргыз-казак чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда колго түштү. Ал эми каза болгон жарандын унаасы Токмоктон табылды», -дейт Замир Сыдыков.

Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алды. Ал өз сөзүндө унааны айдап качууга аракет кылганын айткан