Ошто акыркы коңгуроо аземинде коопсуздук катуу көзөмөлдөнөт

09:00, 23 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ошто акыркы коңгуроо аземинде коопсуздук катуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу мэриядагы атайын жыйында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлерине 25-26-май күндөрү мектептерде жана шаар четиндеги эс алуучу жайларда коомдук коопсуздукту камсыз кылууда иш-аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге акыркы коңгуроого акча чогултууга жана окуучуларга бул күндү көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынат. Ал күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт. Ошондой эле билим берүү башкармалыгынын бөлүмдөрүндө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салынат.