09:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Таластагы кыздар медресесинде тигүүчүлүк жана англис тили курсу окутулат

Талас шаарындагы «Чет тилдер» кыздар медресесинде тигүүчүлүк жана англис тили курсу окутула баштайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай кадам «Медресе окуучуларына кесиптик билим берүү» долбоорунун алкагында ишке ашууда. Окутуу иштери июнь айында башталат. Учурда студенттер кесипке үйрөтүүчү жабдуулар менен камсыз болушту.

Кошумчалай кетсек, окутуп үйрөтүүгө кеткен чыгымдарды АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби