17:37, 22 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда мыйзам чегинде жашоо коркунучтуу болуп калды. Бул тууралуу мурдакы башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Соттогу акыркы сөзүндө билдирди.
Ал сөзүндө бийликти аны жана үй-бүлөсүн каралоого айыптады.
«Акыркы жылдары Кыргызстанда мыйзам менен жашоо коркунучтуу болуп калды. Бийликтин таянганы эле калпычылар жана ушакчылар болду. Мага каршы күчтүү каралоо кампания жүрдү», — дейт ал.
Жогорку Сот Аида Саляновага козголгон иш боюнча бүгүн өкүм чыгарат.
Мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзамдын чегинен чыкпагандыгын айтып келет.