Астана аба майданында болгон катуу шамал учакты учуп-конуу тилкесинен чыгарды

16:36, 22 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Астана шаарындагы аба майданында болгон катуу шамалдын кесепетинен, учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти.

Казакстандын жарандык авиация комитетинен билдиришкендей, Шымкент—Астана каттамы менен учуп келген Airbus-320 учагы жерге конуп жүрүп баратканда тилкеден чыгып кетти.

Учакта 97 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсү болгон. Учактын кыймылдаткычына доо келгендиктен, атайын жайга киргизилди.

Аба майдан учурда штаттык режимде иштеп жатат.