16:36, 22 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Астана шаарындагы аба майданында болгон катуу шамалдын кесепетинен, учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти.
Казакстандын жарандык авиация комитетинен билдиришкендей, Шымкент—Астана каттамы менен учуп келген Airbus-320 учагы жерге конуп жүрүп баратканда тилкеден чыгып кетти.
Учакта 97 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсү болгон. Учактын кыймылдаткычына доо келгендиктен, атайын жайга киргизилди.
Аба майдан учурда штаттык режимде иштеп жатат.