Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Садовое айылында 2 жаштагы кыз унаанын астында калды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 20-майда катталган. Айылдын 1971-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаасын артты көздөй айдайм деп кызды тебелетип алган.
2016-жылы туулган наристе райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алынып келинген, бирок көрсөтүлгөн жардамга карабай чарчап калган.
Аталган факт боюнча иликтөө жүрүп жатат. Унаа айып төлөөчү жайга киргизилди.