Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарын жамаатка тааныштырышты

14:19, 22 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бажы кызматынын жалпы жамаатына төраганын жаңы дайындалган биринчи орун басары Шамил Бердалиев тааныштырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Шамил Бердалиев 2014-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Эске салсак, өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кызматтан бошоткон. Анын ордуна Алмаз Онолбеков иш алып барууда.