«Кант шаарындагы № 4 орто мектепте, кийинки окуу жылы 10-сентябрда башталат деген шылтоо менен окуу мөөнөтүн 30-майга чейин узартып коюшту», - деп «24.kg» агенттигине окурмандар билдиришти.
«Балдар китептерин тапшырып коюшту. Анткени 25-майда акыркы коңгуроого байланыштуу салттанаттуу линейка болот. Бирок, расмий түрдө жаңы окуу жылын 10-сентябрга жылдыруу тууралуу маалыматты балдарга эч ким айта электе эле, сабактарды 30-майга чейин узартып жатышат. Ал эми кышкы эс алуу күндөрүнүн эсебинен балдарыбыз ишемби күндөрү да окушкан», -дешет ата-энелер.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу жылынын мөөнөтүн жылдыруунун акыркы чечими кабыл алына элек. Аталган министрлик өкмөт аппараты үчүн расмий жыйынтыктоону эми гана даярдоодо.