15:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто 5 ай аралыгында 32 киши өз өмүрүн кыюуга аракет жасашкан

Ош шаарында 5 ай аралыгында 32 киши өз өмүрүн кыюуга аракет жасашкан. Бактыга жараша алардын көпчүлүгүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, өз өмүрүн кыюуга аракет кылгандардын басымдуу бөлүгү 14 жаштан 35 жашка чейинки айымдар.

Акыркы 3 күн ичинде Ошто 3 адам жанын кыюуга аракет жасашкан, алардын экөө каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар