Түптүн 49 жаштагы тургуну уулунан токмок жеп ооруканага түштү

10:04, 22 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусундагы Түп районунда 24 жаштагы уулу атасын өлөрчө сабап салган. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов айтты.

Маалыматка караганда,19-майда Корумду айылынын 1994-жылы туулган Н.А. аттуу тургуну 1969-жылы туулган Т.М. аттуу атасын өлөөрчө сабап салган.

«Уруша кетип уулу атасын сабап салган. Натыйжада атасы Түп аймактык ооруканасына оор абалда келип түшкөн», — деп билдирди Сталбек Усубакунов. Белгилүү болгондой сабалган жаранга 3 сааттан ашуун оор операция жасалды.

Аталган окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.