09:26, 22 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам башкармалыгында жүрүшкөн Кыргызстандык чек арачыларга Балыкчыдан 2 батир берилди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, орус-кыргыз чек ара байланыштарын бекемдөө үчүн, 2017-жылдын сентябрында Орусия тарап Кыргызстанга кыймылсыз мүлк белекке берүүнү чечкен. Жыйынтыгында Чек ара кызматына 2 жана 3 бөлмөлүү батирлерди тапшырышты.