Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине күбөлөр билдиришти.
Кырсык кечээ саат 22:00дө катталган. ӨКМдан билдиришкендей, окуя болгон жерде 4 өрт өчүрүүчү топ иш алып барган. Тилсиз жоонун келип чыгышы иликтенүүдө.
Өрт 3000 чарчы метри аянтты жалмаган.

