Кызыл-Кыя шаарында сел бир нече үйдүн короосуна кирди

08:57, 22 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Кызыл-Кыя шаарында сел бир нече үйдүн короосуна кирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кечээ түнү сел жүрүп, Восток-2 кичи районунда жайгашкан 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн короосуна жана ошондой эле Кулатов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу 2 турак үйлөрдүн жер төлөөсүнө, Дружба көчөсүндө 2 турак үйдүн короосуна суу кирди.