10:45, 21 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Ноокен районунда Биринчи-Сай суусуна «Матиз» үлгүсүндөгү унаа кулап, айдоочу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө караганда, окуя болгон жерге куткаруучулар келип, унаанын ичиндеги жүргүнчү1998-жылы туулган Рустам Масудовду алып чыгышкан. Ал эми 1965-жылы туулган айдоочунун жансыз денеси суунун төмөн жагынан табылды.