12:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандыктар ушу-саньда боюнча 6 медал утуп алышты

Кыргызстандыктар ШКУ эл аралык турниринде ушу-саньда боюнча 6 медал утуп алышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине спортчу Куан Абдыраимов билдирди.

Мелдеш 17-19-май күндөрү Кытайдын Чунцине шаарында өткөн. Ага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикистан жана Өзбекистандан келген спортчулар катышты.

«Биздин өлкөнүн атынан 6 спортчу катышкан. Рустам Ибрагимов (60 килограмм) жана Талантбек Акматов (80 кг) күмүш медал утуп алышты. Сулайманкул уулу Туратбек (52 кг), Авазбек Аманбеков (56 кг), Канат Абдуганиев (65 кг) жана Келдибай уулу Жоомарт (70 кг) коло медалды багындырышты», — деди Куан Абдыраимов.

Кошумчалай кетсек, жалпы эсеп менен Кыргызстан Кытайдан кийинки экинчи орунду ээледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума