Апрель айында бюджеттин кирешеси ашыгы менен топтолду

10:05, 21 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Өткөн айда республикалык бюджеттин кирешеси 11 млрд 874,7 млн сом суммасын түздү. Бул тууралуу Финансалык министрлиги билдирди.

Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 129,4%га барабар. Анын ичинде салыктык кирешелер — 8 миллиард 409 миллион сом, салыктык эмес кирешелер —3 миллиард 464 миллион сом болду.