Кыргызстандык жумушчулар Парамушир аралында иштерин ташташты

09:55, 21 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык жумушчулар Парамушир аралындагы Курильск программасынын бир канча объектеринде иштерин ташташты. Алар айлык маяналарынын төлөнүп берилишин талап кылышууда. Бул тууралуу «Коммерсант» билдирди.

Маалыматка таянсак, жумушчулар ишемби күнү иштөөдөн баш тартышкан. Алар жумуш берүүчү айлыктарын толугу менен төлөп бермейинче, ишти таштай тургандыктарын айтышкан. Жаңжалды жергиликтүү бийлик, полиция кызматкерлери, прокуратура басууга аракет кылышкан, бирок майнап чыккан эмес.

Түндүк-Курильск районунун вице-мэри Александр Овсянниковдун маалыматына караганда, 2 ижарага берилүүчү үй жана спорттук-ден соолукту чыңдочу комплекстин курулушу жүрүп жаткан. Ал эми курулуш иштери менен «СПИРО» компаниясы алектенип келген. Учурда айлык акынын кечиктирилиши, тапшырык берүүчүлөрдүн төлөп берүүгө акча каражаттарынын жоктугу себеп болгону аныкталды.