Атамбаев Жээнбеков убадалаган Кыргыз эл баатырын дагы эле ала элек

16:25, 18 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев дагы эле Сооронбай Жээнбеков убадалаган Кыргыз эл баатыры сыйлыгын ала элек. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан жана президенттин аппаратынан дагы ырасташты.

Акүйдүн билдирүүсүндө, азырынча Алмазбек Атамбаевге сыйлыкты тапшыруу боюнча буйрук боло элек.

«Адатта мындай сыйлыктар салтанаттуу жерде тапшырылат. Сыйлык азырынча бизде турат» — дейт алар.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда Алмазбек Атамбаев жогорку сыйлыкка татыктуу экенин айтып, биринчи буйругу менен «Кыргыз Республиканын баатыры» жана «Ак-Шумкар» орденин убадалаган.

27-ноябрда мурдакы мамлекет башчысына сыйлык ыйгаруу буйругу чыгарылган. Бирок көп өтпөй ортодо ажырым жаралып, учурда лидерлер ортосунда тирешүү бар.