13:01, 18 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте кыргыз-түрк достугунун негизинде салынып жаткан оорукана сентябрь айына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын отурумунда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Отурумдун жүрүшүндө депутат Нурбек Алимбеков «Биз ЖМКдан гана оорукана тууралуу ар кандай маалыматтарды окуп жатабыз. Ачылышы качан болот?», деп министрге кайрылды.
«Биз жума сайын ооруканага барып атабыз, маселе өкмөттүн көзөмөлүндө. Учурда техникалык нюанстар бар. Керектүү жабдыктардын баары алынып келе элек. Анын үстүнө оорукананын айланасында саясий маселе жаралып, 3 айдан ашуун туруп калдык. Азыр маселелерди чечип, сентябрга чейин оорукананы пайдаланууга беребиз деген ойдобуз», — деди министр.