12:34, 18 мая 2018, Бишкек - 24.kg
«Эгер эттин 60 пайызы ташылып келип жатса, биздин экологиялык жактан таза эттер кайда кетип жатат?», — деп депутат Жунус уулу Адыл бүгүн «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда тиешелүү органдарга суроо узатты.
«Кытайда 1 кг эт 10 доллар турат. Мамлекеттин өзүндө эттин баасы 10 доллар болсо бизге кандай эттер келип жатат анда? Ал жакта тоокторду 20-30 күндө чоңойтуп чыгаруучу фермалар бар экени айтылууда» — деди ал.
Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин айтымында, Кыргызстан өзүн-өзү койдун жана уйдун эти менен 65 пайызга камсыздайт.
«Ал эми Кытайдын тоок эттерин ташып кирүүгө уруксат жок», — деди ал.
Депутат Кыргызстандагы Кытай ашканалары, тоңдурулуп ташылып келген үй этинен тамак даярдап жатканы тууралуу маалыматы бар экенин кошумчалады.
«Тиешелүү органдар мунун текшерүүгө алуусу керек», — деп жооп берди.