20:51
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

4 ай ичинде милиция кызматкерлерине карата 27 кылмыш иши козголгон

Кыргызстанда 4 ай ичинде милиция кызматкерлерине карата 27 кылмыш иши козголгон. Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, ички иштер органдарынан 82 милиция кызматкери иштен бошотулган.

«Ээлеген кызматтарынан 100 милиция кызматкери бошотулган. 954 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Тергөө органдарына 399 материал жөнөтүлгөн. 4 ай аралыгында милиция кызматкерлерине карата жалпысынан 856 арыз келип түшкөн», -дейт Курсан Асанов.

Эң көп окулган жаңылыктар