01:14
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жолду тосууга аракет кылышкан аялдарга 3 000 сомдон айып пул салынды

Григорьевка айылында жолду тосууга аракет кылышкан аялдарга 3 000 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, нааразычылык ирээтинде жолду тосууга аракет жасашкан айымдардын өздүктөрү такталды. Алар 48 жаштагы Күлдүжан Р., 47 жаштагы Айнагүл М., 46 жаштагы Бурул К., 43 жаштагы Динара М. жана Сагида М. аттуу жарандар болушкан. Аларга карата «унаа каражаттары кыймылынын эрежелерин бузуу же жол кыймылына тоскоолдук жаратуу» беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлүп, Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен ар бирине 3 000 сомдон айып пул салынды.

Эске салсак, Григорьевка айылынын тургундары айылдашынын уулун сабап коюшкан. Алардын мындай кадамга барышына уурулук себеп болгон. Айылдын жаранына мал уурдады, бирок кеткен чыгымды ордуна келтирген жок деген кине тагышкан. Кийинчерээк күнөө коюлуп жаткан М.Жумабаевге карата чындыгында эле кылмыш иши козголуп, бирок кийин эки тараптын элдешүүсүнөн кийин иш токтотулгандыгы маалым болду.

Эң көп окулган жаңылыктар