Алматы облусунда катталган жол кырсыгынан беш киши каза болду

09:22, 18 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Алматы облусунда катталган жол кырсыгынан беш киши каза болду. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер департаменти билдирди.

Маалым болгондой, кырсык 16-майда Алматы-Бишкек жолундагы Үңкүрташ айылынан алыс эмес жерде катталган. Анда Mersedes, SsangYong үлгүсүндөгү жеңил унаалар менен Iveco жүк ташуучу унаасы кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 5 киши каза болуп, дагы 4 киши ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылды.

Аталган окуя боюнча экспертизалар дайындалды.