09:10, 18 мая 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Мавлид бул динге жаңы кирген (бида) каада болуп саналабы?
Жооп: Пайгамбардын туулган күнү анын тарапташтары жана замандаштары тарабынан белгиленген эмес. Ал шариятта дагы көрсөтүлбөйт.
Майрамдык салтанаттын максаты — Пайгамбардын жашоосун эскертүү болуп саналат.