10:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

1 354 аял «Баатыр эне» ордени менен сыйланат

1 354 аял «Баатыр эне» ордени менен сыйланат. Буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондугун өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.

454 аял «Эне даңкы» медалын алышат.

Белгилей кетсек, «Баатыр эне» орденин жети, же андан көп баланы чоңойткон апалар, «Эне даңкын» алтыдан кем эмес балалуулар алышат.

Кыргызстан 2012-жылдан бери майдын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Сыйлыктар дагы бул салтанаттын алдында ыйгарылат. 

Эң көп окулган жаңылыктар