Дубайда ооруп калган кыргыз жараны компенсация алды

14:42, 17 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Дубайда ооруп калган кыргыз жараны компенсация алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирет.

Маалыматта, 2016-жылы «Жи-Тревел» фирмасы аркылуу Дубайга иштегени кеткен жаран оор, адекватсыз абалда психиатриялык ооруканага жатып калгандыгы айтылат.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Башкы прокуратура, Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз иш алпарып, натыйжада «Жи-Тревел» фирмасы жабыр тарткан тарапка компенсация төлөп берди.