15:29, 16 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте дагы бир притон табылды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 25-30 жаштагы аял көп жылдан бери притон иштетип жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Ошондой эле мейманканадан узак убакыттан бери сексуалдык кызмат көрсөтүп келген 1995-жылы туулган А.к.А., 1999-жылкы Н.к.М. жана 1996-жылкы Ж.Г. аттуу кыздарды кармалган», — деп маалымдайт ИИБ.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.