08:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Салык төлөөчүлөрдүн кабинети» www.salyk.kg домени аркылуу иштеп баштады

Мамлекеттик салык кызматынын «Салык төлөөчүлөрдүн кабинети» электрондук сервиси, ушул жылдын 15-майынан тартып мурдагы «e-taxservices.kg» домендин ордуна www.salyk.kg домени аркылуу иштеп баштады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, домендик атты алмаштыруу- колдонуучулардын электрондук кызматтарга кирүүсүн жакшыртат. Бул сайтты модернизациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында жасалды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын башында Салык кызматы өзүнүн ведомстволук сайтын модернизациялаган. Муну менен катар электрондук кызмат көрсөтүүлөр бөлүмү боюнча жакшыртуу иштерин улантышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар