Бишкекте Европа кинолорунун фестивалы өтүүдө

11:35, 16 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жана Ошто Европа кинолорунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордо фестиваль 16- майда башталды. Ал 20 майга чейин уланат. Ал эми Ошто 24- майдан 27- майга чейин болот.

Көрүүчүлөргө Европа мамлекеттеринин 13 тасмасы «Ала-Тоо» кино театрында тартууланат.

«Иш-чаранын максаты Европанын мыкты кинематорграфтарынын иши менен эле тааныштыруу эмес, Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы байланышты бекемдөө», — дейт уюштуруучулар.

Фото