04:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Клара Кабилованын кош жарандуулугу жок болуп чыкты

«Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Клара Кабилова депутат болду. Ага депутаттык мандат тапшырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Маалыматка ылайык, Клара Кабилова башка мамлекеттин жараны эмес экени тууралуу Орусиянын тиешелүү органдары тастыктаган.

Эскерте кетсек, Клара Кабилова Гүлнара-Клара Самат деген ат менен Аида Салянованын ордуна «Ата Мекенден» Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.

Эң көп окулган жаңылыктар