Сойкулук боюнча кармалган кыргызстандык кыздар Түркиядан чыгарылды

15:39, 15 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Сойкулук боюнча кармалган кыргызстандык кыздар Түркиядан чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, Түркиянын укук коргоочулары кыздардын кармалганын тастыктаган.

Эскерте кетсек, буга чейин Түркиянын Айдын шаарында башка мамлекеттерден келген 28 кызды сойкулукка шектүү катары кармаган. Алардын арасында Кыргызстандан барган 8 кыз бар.