Оштун тургуну сегизинчи кабаттан кулап кетти

14:39, 15 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Оштун 24 жаштагы тургуну курулуп жаткан үйдүн сегизинчи кабатынан кулап кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык, кечээ катталган.

«Каза болгон жаран «Голден Констракшн» курулуш компаниясында иштечү. Ал иш учурунда сегизинчи кабаттан кулап кеткен. Кесиптештери дароо ооруканага алып жөнөгөн. Бирок оор жарат алгандыктан ал орто жолдон жан берди», — дейт ИИБ.