07:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аксыда 87 үйдүн короосун суу каптап, эл таза суусуз калды

Жалал-Абад облусунун Акы районундагы 87 үйдүн короосун суу каптап, эл таза суусуз калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-майда, болжол менен саат 16:00 чамасында сел Ак-Жол айылдык аймагынын жолун жууп кеткен. Андан тышкары Шынаа айылындагы 87 үйдүн короосун каптаган.

Нөшөрлөп жааган жаандан кийин Кош-Төбө айылдык аймагынын Атана жана Бай-Кыштак айылдарындагы бир үйдү суу каптап, 16 үйдүн короосуна жайылган.

Жаңгак айылындагы суу кудугунун кууру бузулуп, эл суусуз калган. Учурда куткаруучулар жеринде иш алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар