Чуулгандуу Манас Арабаев ээлеген кызматынан бошотулду

10:42, 15 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Президенттин аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду,- деп маалымдайт жеке булактар «24.kg» агенттигине.

Манас Арабаев аталган кызматка 2015-жылдын февралында келген.

Эскерте кетсек, буга чейин жогорку мамлекеттик кызматта отурган Манас Арабаев мурдагы депутат Карганбек Самаковдун ишин кароодо сотко кысым көрсөтүп жатат деген маалыматтар тараган.