Кыргызстандык гимнасткалар Орусияда өткөн сынакта баш байгени багындырышты

09:38, 15 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык гимнасткалар Сабина Табылганбекова жана Богдана Тулубаева Орусияда өткөн эл аралык сынакта баш байгени багындырышты. Бул тууралуу «24.kg» сайтына алардын устаты Светлана Моисеева билдирди.

Анын айтымында, 12-13- майда Орусиянын Сыктывкар шаарында көркөм гимнастика боюнча ачык республикалык турнир өткөн. Анда эл аралык топтор күч сынашкан. Иш-чара СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Ольга Тулубаеванын жаркын элесине арналган. Турнирге Коми (Орусия), Ирина Винер-Усманованын Гимнастика борборунун окуучулары (Новогорск), Израиль жана Кыргызстандан барган гимнасткалар ат салышкан.

Жыйынтыгында 2010-жылы туулган Богдана Тулубаева жана 2004-жылы туулган Сабина Табылганбекова алтын медалды багындырышты.