Аба ырайы. Эртең калаада күн жылуу болот

15:24, 14 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Фото
Эртең 15-май күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында, Нарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +20...+22 градуска чейин жылуу болот.