Кара-Буурада унаа бакты сүзүп, үч жүргүнчү жабыркады

10:28, 14 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Талас облусунун Кара-Буура районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен үч жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, Кызыл-Адыр айылынын Чолпонбай көчөсүндө катталган. «Ауди С4» үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан айдоочу, бакты барып сүзгөн. Кырсык катталган соң унаа өрттөнүп кеткен. Үч адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.