Лейлекте сел жүрдү. Суу турак жайларды каптап, мал жандыктарын агызды

09:03, 14 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Баткендин Лейлек районунда сел турак жайларды каптап, мал жандыктарын агызды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-май күнү катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен саат 17:15 чамасында Ак-Суу айыл аймагындагы Шорбулак сайынан сел жүрүп, Чимген айылында 2 турак үйдү суу каптаган.

Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр бала интернатынын жер төлөсүн суу каптаган.

Аксуу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын суу жууп кетип, жол каттамы жабылган. Андан тышкары Аксуу айылынан 4 мал, 2 электр столбасы аккан. Аксуу айылында аккан электр столбасын калыбына келтирүүгө Лейлек райондук РЭСтен 1 бригада тартылды. Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарында электр энергиясы жок. Учурда куткаруучулар жеринде иш алып барууда.