Былтыр 1,9 миллион тонна кара алтын казылып алынган

16:14, 11 мая 2018, Бишкек - 24.kg

2017-жылы 1 миллион 936 миң тонна көмүр казылып алынган. Тактап айтканда 2016-жылга салыштырмалуу 154 миң тоннага көп. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Уланбек Рыскулов билдирди.

«2018-2019-жылдардагы жылуулук мезгилине карата 2 миллион 934 миң тонна кара алтын камдалып жатат. Анын 1 миллион 83 миң тоннасы калк үчүн», — деди ал.