17:42
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сапар Исаков: ЖЭБтеги кырсыкка Асылбек жана Сооронбай Жээнбековдор дагы жооптуу

«Жылуулук электр борборундагы кырсыкка Нурлан Өмүркул уулунан Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаковго чейин жооп бериши керек» — дейт мурдакы өкмөт башчысы Сапар Исаков. Бул боюнча анын билдирүүсүн КСДП таркатты.

Билдирүүдө Сапар Исаков ЖЭБ боюнча кечээ Жогорку Кеңеш өткөн талкуу маселени башка нукка буруу аракети көрүлүп жатканын айтат.

«Мен эки суроо коет элем. Биринчиси, ЖЭБтеги кырсыкка ишкананын ал кездеги директорунан тарта өкмөт башчысына чейин жооп берсин. Бул жерде жөнөкөй жетекчилерди эмес, Нурлан Өмүркул уулунан тарта Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаковго чейин жооп берсин» — дейт ал.

Мурдакы премьер Сооронбай Жээнбековду кышында атайын калкалап, жоопкерчиликти өзүнө алгандыгын белгилейт.

«Кышында бишкектиктер тоңгондо кышка даярдык көргөн адамдар үн каткан жок. Менин өкмөтүм күзүндө келди. Бирок, ага карабай мен саясый жоопкерчиликти өз мойнума алдым. Эми аны алсыздык катары кабыл алып жатышат.

Эгер депутаттар ошончолук талапты катуу койсо анда Сооронбай Жээнбековдун учурунда эски жабдууну оңдоого бөлүнгөн 100 миллион сомду териштирбейби? Кышында так ошол эски жабдуу бузулуп калбадыбы?

Нурлан Өмүркул уулун депутат Кожобек Рыспаев менен байланыштырышат. Балким мына ошондон улам ага парламенттик трибунадан сөз беришип, жооптуу киши эмес, эксперт катары колдонуп жатышкандыр? Жоопкерчиликтен качуунун кереги жок. Жооп бериш керекпи, жооп берели» — дейт Сапар Исаков.

Мурдакы премьер-министрдин айтымында, ЖЭБти модернизациялоонун айланасындагы маселеге Энергохолдингдин жетекчиси, министр, премьер-министрлер, Жогорку Кеңештин төрагасы жана үч парламенттик комитеттин башчылары жооп бериш керек.

Депутаттык комиссиянын тизмеси толук эмес. Аны толукташ керек. Жоомарт Оторбаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев, Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков, Темир Сариевдер дагы кошулсун. Келишимге кол койгондордон тарта, аны ратификациялап, ЖЭБтеги ишти шашылыш кабыл алгандардын баары жооп берсин. Президент өзү тууган жана доско карабай жоопко тартылат дебедиби.

Сапар Исаков

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума