12:08, 11 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Ошто шаардык казыяты Рамазан айына карата даярдык көрүү жана таравих намаздарында Куран окуу боюнча шаар аймагындагы мечит кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
«Ыйык Рамазан айынын башталышы менен Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу 44 мечитте Куран толугу менен окулмакчы. Учурда Куран окуучу карыларга шарттар түзүлүп, даярдыктар көрүлүүдө», — деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.
Быйыл орозо айы 14-15-майда башталышы күтүлөт.