11:31, 11 мая 2018, Бишкек - 24.kg
11-майдан 12-майга оогон түнкү республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
12-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.