Ноокатта мечиттин чатыры күйдү

10:20, 11 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ноокат районунун Ишанов айыл аймагындагы Кара-Баш мечитинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын айтымында, мечиттин 126 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулгандыктан келип чыккан.