Нурлан Насип колуктусу Асел Кадырбеков экөө дүркүрөтүп той берди

10:17, 11 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Белгилүү ырчы Нурлан Насип колуктусу Асел Кадырбеков экөө дүркүрөтүп үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Үлпөт той Бишкектеги ресторандын биринде, кыз-күйөөнүн туугандарынын жана чыгармачыл чөйрөдөгү төбөсү көрүнгөн ырчы-чоорчулардын катышуусунда өттү. Колукту той аяктаганча бир нече жолу үлпөт көйнөгүн алмаштырды. Келиндин үлпөт көйнөгүнө эле 275 миң сом кеткен.

Эскерте кетсек буга чейин ырчы Нурлан Насип келинчегине 8-апрелде сөйкө салган. Андан соң экөө Бишкек жана Ош шаарларында той концерт өткөрүшкөн.