Өлкөдө 90 миңге жакын киши психикалык оорулар менен жабыркайт

09:39, 11 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Январга алынган маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда психикалык ооруларга чалдыккандардын саны 87 миңди түзгөн. Бул тууралуу Республикалык психикалык ден соолук борборуна шилтеме терүү менен «Сорос  Кыргызстан» фонду маалымдады.

Маалыматка ылайык, 12 миңден ашык киши шизофрения илдетине кабылган жана ушундай эле сандагы жарандар депрессиялык психоз менен жабыркайт. Жогорудагы аталган илдеттерге кабылгандардын арасында өз жанын кыюуга баргандар арбын.

«Кыргызстанда психикалык ооруга чалдыккандарга өтө жаман миниле жасалат», — деп белгилейт фонддон.